Menu

Мээни чагасыз да, Мистер Мискенбаев!

Бөлүшүү:

Саясат десе эле олтуруп алып оюңду айтып койсоң боло берет дешет окшойт. Арийне, саясат деген чоң илим, өнөр, оюн экенин аңдашаар бекен. Айтор, тиши өтпөсө дагы саясатка тиш сала берген бир «оригинальный» жигитибиз бар. Ал Мээрбек Мискенбаев. Алы жетпеген карт бөрүлөргө тиш сала коюп, эки-үч жолу «микроинсульт» да алды байкуш. Болбой эле жулунуп жүрөт. Ушул жигит: «Бакиевдердин келишин чыдамсыздык менен күтүп атабыз» – деген пикирин билдириптир. Ушул «күтүп жатабыз» дегени кызык. Кезинде депутат болуп олтуруп, өзү ошол апрель окуясынын шарапаты менен депутат болгонун билип, ошондо эле Бакиевдерди күтпөстөн алдыртууга неге жан үрөбөдү бул, мистер Мискенбаев. Албетте бул сөз Бакиевдин казак телеканалдарынын бирине берген, «Менин өз мекениме кайтчу күнүм келет» – деген аталыштагы маегинен кийин чыгып атат. А биздин жазганыбыз башка, Мээрбектин кыпчылып чыгып пикир билдирип атканына боорубуз эзилди, чын эй!

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: