Menu

«Казакмыс»: иш таштаган жумушчулар менен мунасага келдик

Бөлүшүү:

Айлык акыны көбөйтүүнү жана жумуш шартын жакшыртууну талап кылган Караганда облусундагы шахта жумушчулары менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар мунасага келишти. Бул тууралуу «Казакмыс» корпорациясынан билдиришти.

30-ноябрь кечинде «Казакмыс» Түштүк-Жезказган кениндеги абал жөнгө салынып, корпорациянын бардык ишканалары штаттык режимде иштеп жатканын кабарлады.

Азырынча иш таштоо акциясынын токтогондугун активисттер ырасташа элек. 29-ноябрда ишке келген жумушчулар айлык акыны 70 пайызга жогорулатууну, пенсияларга кошумча акча кошууну, балдарынын билим алуусуна мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүнү жана дарылоо кызматтары менен камсыз кылууну талап кылышып, кендин шахтасынан чыгуудан баш тартышкан.

Түрдүү маалыматтар боюнча, кендин сыртына жүздөгөн шахтерлор, анын ичинде башка шахталардын жумушчулары дагы чогулушкан.

Иш таштоо акциясынын жүрүшүнө байкоо салып жаткан жезказгандык жарандык активист Берик Жагипаров жумушчулардын талаптары жарым-жартылай канааттандырылганын билдирди. Айтымында, тараптар айлык маянаны жогорулатуу боюнча макулдашууга келе алышкан.

«Казакмыс» жеке корпорациясы дүйнөдөгү ири түстүү металл өндүрүүчүлөрдүн бири болуп эсептелет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: