30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы билдирет.
Ратификациялык мыйзам долбоорун КР экономика министринин орун басары Элдар Абакиров жактады.
Маалыматка ылайык, аталган мыйзам долбоору 2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Жогоруда аталган Келишимдин максаты болуп Евразия экономикалык бирлигинин бүткүл мейкиндигинде бажылык жөнгө салуунун бирдиктүү эрежелерин камсыз кылуусу саналат. Ошондой эле, белгиленип кеткендей, ЕАЭБ Бажы кодекси Бирликтеги бажылык жөнгө салуунун бирдейлештирүү жана макулдашуунун деӊгээлин жогорулатууга жол берет.
Талкууда аракеттеги Бажы кодекси менен кабыл алына турган Бажы кодексиндеги бир катар принципиалдуу айырмачылыктарды эл өкүлдөрү Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулаймановдон такташты.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ