29-30-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында “Кыргызстандагы конфессиялар аралык диалогдун азыркы абалы жана өнүгүүсү” аталышындагы форум өтүп, ага Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Замир кары Ракиев, Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, Баткен облусунун казысынын орун басары Нурдин ажы Мамасабиров жана бир катар дин аалымдары катышты. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Иш чара КР Дин иштери боюнча мамлекеттин комиссиясынын демилгеси менен уюштурулуп, мамлекеттик органдардын кызматкерлери жана диний уюмдардын өкүлдөрү менен биргеликте өттү. “Кыргызстандагы конфессиялар аралык диалогдун азыркы абалы жана өнүгүүсү” аталышындагы форумдун максаты өлкөдөгү бардык конфессиялардын ынтымакта жашап, достук алакалардын бекемделиши үчүн уюштурулган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ