Өзбекстандын Коргоо министри менен «Рособоронэкспорт» Ми-35 үлгүсүндөгү тик учактарды жеткирүү боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу «Орусия менен Өзбекстан: стратегиялык өнөктөштүккө 25 жыл» деген көргөзмө талаасында маалым болгонун ТАСС агенттиги жазды.
Маалыматтарга караганда, 12 тик учак 2018-жылдан тарта келе баштайт. Келишим боюнча узак мөөнөткө созулган сүйлөшүүлөр орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведевдин Өзбекстанга болгон сапары учурунда аягына чыккан.
Учурда Ташкентке «Рособоронэкспорттун» адистери барышып, Өзбекстандын Коргоо министрлиги жана Коргонуу өнөр жай комитети менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Тараптар былтыр ноябрда кол коюлган аскердик-техникалык кызматташуу келишимин ишке ашыруу аракеттерин көрүшүүдө.
Ми-35 транспорттук-аскердик тик учак бронотехникаларды жок кылуу, кургактагы аскер бөлүктөрүнө жардам көрсөтүү, жарадарларды эвакуациялоо, жүк ташуу жана башка тапшырмаларды аткарууга багытталган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ