Menu

Жалал-Абадда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында “Соолубасын үмүттөр-2017” кароо сынагы өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 1-декабрда Жалал-Абаддагы Барпы атындагы облустук драма театрында 3-декабрь – майыптардын Бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата “Соолубасын үмүттөр-2017” кароо-сынагы болуп өттү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.

“Соолубасын үмүттөр-2017” кароо-сынагын өткөрүүнүн демилгечиси жана акча каражатын бөлүп берген ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн аппараты болду. Облустун район-шаарларында өткөрүлгөн кароо-сынактын жеңүүчүлөрүнүн гала концертинин катышуучуларын ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев куттуктады.

— Жалал-Абад облусундагы мүмкүнчүлүгү чектелген 39 112 жарандарыбыз мамлекет тарабынан камкордукка алынган. Кыргызстан боюнча Жалал-Абад областында гана жыл сайын мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыздын арасында спорттун бир канча түрлөрү боюнча областтык Спартакиаданы такай өткөрүү эң жакшы салтка айланып калды. Быйылкы жылы аталган иш чараны талаптагыдай өткөрүүгө өзүмдүн резервдик фондумдан 100 мин сом акча каражатын бөлүп бердим. Коомдук уюмдарга биригишкен жарандарыбыз калкка ар тараптуу кызмат көрсөтүү боюнча жигердүүлүк менен иштеп келе жатышат. Атап айтсак, Жалал-Абад шаарындагы көзү азиздер жана дүлөйлөр коому, Аксы районундагы Бактыбек Калиев жетектеген “Цефей” коомдук уюму, Сузак районундагы Жумакан Жаркулова жетектеген “Асыл-Ай” коому жана Жалал-Абад шаарындагы Айжамал Тарыхчиева жетектеген “Данакер” коому калкыбызга ар кандай багыттарда кеңири кызмат көрсөтүү тармагында бир катар долбоорлор менен иштеп келе жатышат.

        Быйылкы “Ыйман, адеп жана маданият” жылына жана 3-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк майыптарды коргоо күнүнө карата Жалал-Абад областынын район-шаарларында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында “Соолубасын үмүттөр – 2017” кароо-сынагы өткөрүлдү. Аны талаптагыдай өткөрүүгө өзүмдүн резервдик фондумдан 80 миң сом акча каражатын бөлүп бердим. Кароо-сынактын башкы максаты Кыргызстандын элин ынтымак менен биримдикке чакыруу, аярлуу катмарлардын жашоо турмуш деңгээлин көтөрүү менен мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын таланттарын калкыбыздын калың катмарына жайылтуу болуп саналат,- деди ыйгарым укуктуу өкүл  Кыянбек Сатыбалдиев.

Облустун район-шаарларынан тандалып алынган эң мыкты концерттик номерлердин катышуучулары  “Соолубасын үмүттөр-2017” кароо-сынагынын гала концертин көрүүгө келишкен Жалал-Абад шаарынын тургундары менен конокторго өз өнөрлөрүн тартуулашты. Гала концерттен түшкөн 70 миң сом акча каражаты толугу менен мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын муктаждыктарына жумшалат.

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: