Бул жолку шайлоо бир топтордун шайын оодарды. Айрым саясатчыларыбыздын амбициясы ашынып кетип, бирдиктүү команданын талапкерин колдобой өз алдынча чыгууга белсенди. Атүгүл өзүн эбак эле падыша сезип алышкандары да болду. Бирок, аттиң, кыйраган кыялдар менен Пушкиндин жомогундагы кемпирге окшошуп тепши тиктеп олтуруп кала беришти. Өзгөчө экс-спикер Чыныбай Турсунбековдун аябай өкүнүп жүргөн кези, «Президентикке аттанам деп ээликпей эле койсом болмок экен» – деп. Көөдөнүнөн чыгып жаткан көк түтүндү «Бишкектин айланасындагы түтүн» -деп экологияга күйгөн кишидей: «Өф, өфү- лөп» ыр жаза салганы менен өзүнүн төбөсүндөгү кара булут болуп, эмоция менен амбициясынын морунан атылып «чыккан түтүн» экенин айткысы келбейт. Айтор бул киши да өтө жаңылыштык кетирди. Бир команданын саясатын колдобой, өзүмчүлдүк оорусунун айынан өз чындыктарын жасалма жазып алышкан канчалар «саясый трупка» айланып келишет мезгил сынында. Буга акчаң да, авторитет да жардам бербейт тура. Ошон үчүн адегенде ар-намыс анан абийир бийик болуп, өз чындыгың үчүн тайманбай күрөшүү зарылдыгын унутпаш керек, ов!
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ