Menu

АКШда түрк-иран ишкери Эрдогандын санкция тартиптерин бузганын жарыялады

Бөлүшүү:

Алтын сатып иштеген түрк-иран ишкери америкалык сотко Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган  1 миллиард доллар өлчөмүндөгү акчаны АКШнын санкциясына илээштирбей, Иранга которууга жардам бергенин билдирди.

Реза Зарраб бул тууралуу 30-ноябрда түркиялык «Халкбанктын» аткаруучу директору Мехмет Хакан Атиллага байланыштуу соттук териштирүү учурунда АКШ өкмөтүнүн күбөсү катары көрсөтмө берип жатып айтты.

Атиллага Ирандын мунай жана газдан тапкан кирешелерин АКШнын банк системалары аркылуу алтын келишимдеринин негизинде санкциялык тартиптерди бузуу менен Тегеранга которуу тапшырмасы берилген. Ал айыптоолорду четке кагууда.

Зарраб 2-октябрда банк алдамчылыгы, арам акчаны адалдоо жана бийлик менен кызматташуу боюнча күнөөлүү экенин моюнга алган.

Буга чейин Зарраб Эрдоган менен ал кездеги каржы министри Али Бабаджан келишимге өзүлөрү макул болушканын билдирген.

Эрдоган айыптоолорду четке кагып, туура кадамга барышканын, эмбаргону бузушпаганын маалымдаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 + = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: