Menu

Жээнбеков айткан сөзүндө туруп, чек ара маселесин чече алды

Бөлүшүү:

Казак-кыргыз чек арасындагы чечилбей келаткан маселе кечээ жакшы жагына чечилди. Көпчүлүк бул маселени чечүүдө жаңы президент Сооронбай Жээнбеков кыйынчылыкка дуушар болот, Нурсултан Назарбаев аны Атамбаевдин мураскери катары көрүп, чек араны жакын арада ачпайт деп келишкен. Сооронбай Жээнбеков коңшулар менен мамиле түзүүдө, чечилбей жаткан маселени дипломатиялык тил менен чечүүдө өзүнүн жөндөмүн иш баштап жатып эле көрсөтүп койду. Ким өлкөнүн кожоюну болгонуна казак президенти да сүйлөшүүдөн кийин ынанса керек. Өлкөнү мурунку президент башкарат дегендер бүгүнтөн баштап ал ойдон кайтышы керек. Болбосо, Атамбаевдин сөзүнө катуу териккен Назарбаев чек араны бир сүйлөшүүдө эле чечип койбойт болчу да. Назарбаев менен Жээнбековдун жолугушуусу Минск шаарында ОДКБнын жыйынына барганда болду. Казак президенти чек ара маселеси боюнча жол картасы кабыл алынышы керек экенин, бул боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрү иштеп жатканын билдирген. Жол картасы кабыл алынганга чейин чек ара убактылуу ачык болорун да кошумчалаган. Мындан сырткары эки президент чек арага Казакстан, Кыргызстан жана ЕАЭБ тарабынан көзөмөл орнотууну да макулдашууга жетишишти. Нурсултан Назарбаев “Кытай менен болгон чек ара дагы ушул эле жол менен текшерүүгө алынат” деп билдирген.  Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаев менен чечилбей жаткан баардык маселелер боюнча сүйлөшкөнүн, эки ажо бир чечимге келгенин жарыя кылды. “Жол картасы бар, эки мамлекеттин өкмөтү иштеп жатат. Декабрь ичи бул багыт боюнча ишти аягына чыгарабыз. Чек арага биргелешкен көзөмөл орнотобуз. Эки тараптуу кызматташтык боюнча маселелердин баары чечилет” деп айткан. Жээнбековдун алгачкы иш сапары жемиштүү болду. Чек ара маселеси Сооронбайдын дараметин, күчүн сыноочу фактор деп какшап аттык эле. Соке дараметин көрсөтө баштады.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 + = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: