Menu

Кимдин заманында ким түрмөдө олтурган?

Бөлүшүү:

Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон бери чейрек кылым өттү. Бул кыскабы, же узак мезгилби, ар ким өзү чечип алаар? Ошентип тунгуч президент Аскар Акаевдин башкаруусунда кимдерге күнөө тагылып түрмөгө түшкөнүн эстейличи? Алгачкылардан болуп Топчубек Тургуналиевди Лейлектеги “сүргүнгө” айдашкан. Ошол “кырсыгын” эстеген сайын Топчукең бир зиркилдеп алмай жайы бар. Үкаси Азимбек Бекназаровду да Акаевдин бийлиги камады Кадимки “темир” көптөр “желим” деп өзгөрткөн Феликс Куловдун дагы айласын Аскар падыша алты кетирген. Феликс Куловду бийлик алмашуу деген “жомок” азаттыкка чыгарган. Айла жогунан ошондо Батукаевдин “уюгу” менен сүрөткө түшүүгө туура келген. Негизинен ушулар биринчи президенттин “сыйын” көрүүгө дуушар болушкан.

Экинчи болуп такка отурган Курманбек Салиевич деле мындай жосундан кыйгап өтө албады. Кезинде тышкы иштерди тымсалдаган Аликбек Жекшенкуловду бир “от бараңга” катуу байлап камактын боткосун ашаткан. Генерал Исмаил Исаковдун колуна кишен салып аргасын түгөткөн. Майда-чүйдөлөрдү кеп кылуунун кажети жок. Жети жыл мурдагы бийлик алмашуудан кийин дагы саясатчылардын камакка алынуусу токтогон жок. Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов үчөө “оптом” түрмөнү карай кетти. Нариман Түлеев, Урмат Аманбаева, Равшан Сабиров, Акматбек Келдибековдор да парламенттин төрүнөн камактын босогосуна алынып келишти. Булар айып пулун төлөп кутулушту. Баарынан да президенттин оң колу саналган аппарат жетекчи Данияр Нарынбаевдин түрмөгө кептелиши коомчулукта резонанс жаратты. Даниярды мурдунан жетелеп алам деп ойлогон Хаджимурат Коркмазовдун да тилеги таш каап, шырылдаган шорпонун даамы оозунан кеткис болду. Арам иш менен ким алектенсе да катаал тагдырга туш болорун коомчулук накта сезди.

Айрыкча саясаттын алчы таасын мына мен тааныткам деп өзүн эр ойлогон Өмүрбек Текебаевдин камакка алынышы чак түштө түшкөн чагылгандын образын жаратты. Кызыгың түшкүр, убагында камалгандардын жинин кашайтып силердин ордуңар түрмөдө деген кекээрлүү кеби дал өзүнүн башына муш болуп тийгенине не дейбиз? Ушул лидердин айынан тишине таш тийген саясатчылар, үлкөн бийликти мыкчыган кишилер эми мыйыгынан күлүп турганын калп демек белек? Албетте, кылмыш ишине сот гана чечимин чыгарып, ак экенин же күнөөлүү болгонун жыйынтыктайт дечи? Ошентсе да жел жүрбөсө камыш шуулдабайт дегенди эске алып койсок болчудай. Райкан Төлөгөновдун да шору кайнап, он беш жылга кесилди. Уулу Муса дагы кыйладан бери камакта. Садыр Жапаров да өз башына мүшкүлдү үйүп алды, он бир жылга кесилип. Баса, Канат Исаевдин деле темир тор артынан чыгып кетиши арсар. Алардын катарына дагы бир мурдагы лидер Өмүрбек Бабанов кошулуп калары боюнча да кеп бар.

Кандай болгон күндө да саясаттын камырын ийлейм дегендер кээде өздөрү ошондой болуп ийрейип калышарын дагы далай көрөбүз. Үйлөнгөн чаначтай болуп байыган көптөгөн саясатчылар түрмөнүн ичинен күркүрөп калаары деле кеп эмес. Жаңыдан такка отурган Сооронбай Жээнбеков биринчи өткөргөн жыйынында коррупцияга каршы катуу күрөш жүргүзөм деген чечимин билдирди. Деги айбайлагыла жеп-жутарлар, айыбыңар ачылса темир торго кирип каласыңар!

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: