Menu

Казакстан Тунгуч Президентинин күнүн белгилөөдө

Бөлүшүү:

​1-декабрда Нурсултан Назарбаев Казакстандын Президенти болуп шайланган

Бүгүн, 1-декабрда Казакстанда алтынчы жолу «Тунгуч Президенттин күнү» белгиленгени жатат. Бул мааракелик күн 2011-жылдын 10-декабрында Казакстан Парламентинин Сенаты чечим кабыл алгандан кийин «Казакстан Республикасынын майрамдары жөнүндө» мыйзамга толуктоо киргизүү аркылуу 2012-жылдан баштап аталып өтө баштаган.

Учурда Казакстанда Тунгуч Президент күнүнө арналган ар кандай иш-чаралар өткөрүлүүдө, эл башчы тууралуу көркөм жана документалдуу тасмалар тартууланып, мектептерде жана жогорку окуу жайларында эл башчысына арналган атайын тарбия сабактары уюштурулууда. Окуучулар жана студенттер дилбаяндарды жазышат.

Тунгуч Президенттин күнүн атап өтүү дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө бар. АКШ февралдын үчүнчү дүйшөмбүсүндө жыл сайын өлкөнүн Биринчи Президенти Джордж Вашингтонго арналган күндү элдик майрам катары белгилеп келет. Исландия мамлекетинде мындай маараке 14-майда өтөт. Улуу Британияда май же июнь айларынын бир күнүндө королдун туулган күнүн улуттук маараке катары атап өткөрүү король Эдуард VIIнин кезинен баштап салтка айланган. Учурда король айым Елизавета IIнин туулган күнү да салтанаттуу белгиленип келет.

Казакстанда Тунгуч Президент күнүнүн 1-декабрга белгиленүүсүнүн себеби — ​1991-жылы 1-декабрда бүткүл элдик шайлоонун натыйжасында Нурсултан Назарбаев Казакстандын Президенти болуп шайланган. Ошондон бери өткөрүлгөн президенттик шайлоолордо Казакстан калкы Нурсултан Абиш уулун колдоп келишет.

Казакстан чейрек кылымда нечендеген татаал ашууларды басып өттү. Ушул белестердин алгачкысы Астана шаарын куруу, республиканын борборун түндүк тарапка алып баруу десек болот. Нурсултан Назарбаевдин өзүнүн айтымында, эгемендигине ээ болгон казак калкын алардын рухун көтөргөн чоң ишке багыттоо зарылчылыгы келип чыккан. Ошондой эле, жаңы борбор шаарды куруунун бир нече себептери болгон. Бул биринчиден, геосаясий маселе эле. Өлкөнүн түндүгүндө титулдук улуттун өкүлдөрү азыраак болчу. Экинчиден, калкы тыгыз конуштанган түштүк аймактын элин түндүккө көчүрүү республикадагы жумушчу күчтөрүнүн тең салмактуулугуна өбөлгө түзмөк жана жумушсуздарды иш менен да камсыз кылат.

Ошентип, Казакстандын Тунгуч Президентинин ишмердигиндеги элинин өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымынын бири — ​Астана шаарын курууга жетекчилик кылганы болуп калды. Бүгүнкү күндө бул шаар Казакстандын гана эмес, Борбор Азиянын бренди болуп отурат. Быйылкы жай айларында Астанада «Жашыл экономика» программасынын алкагында өткөрүлгөн ЭКСПО‑2017 эл аралык көргөзмөсү Казакстандын инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгүнө кошумча өбөлгө түзүп берди.

Н. Назарбаев өлкө көз карандысыздыгынын алгачкы жылдарында биринчи кезекте элдин турмушун оңдогонду, мындайча айтканда, өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө көңүл бурган. Ушунун аркасында Казакстан чейрек кылымдын ичинде дүйнөдөгү экономикасы атаандаштыкка жөндөмдүү элүү мамлекеттин катарына кошулуп, эми алдыңкы отуздукка кирүүнү мерчемдөөдө. Муну ишке ашырууда бир катар программалар кабыл алынган. Ушулардын башкылары жакынкы мезгилди камтыган — ​«100 конкреттүү кадам» деп аталган улуттук план жана Казакстандын 2050-жылга чейинки өнүгүүсүнүн узак мөөнөттүү стратегиясы.

Казакстандын Тунгуч Президентинин элине сиңирген чоң эмгегинин бири — ​эгемендиктин алгачкы жылдарында өлкөнүн ядролук держава болуудан баш тартуусу болчу. Совет доору учурунда Семей (ал кездеги аталышы — ​Семипалатинск) жергесиндеги ядролук полигондогу сынактардын запкысын он миңдеген жергиликтүү калк тарткан, алар нур оорусуна кабылып, көпчүлүгү анын залакасынан набыт болушкан.

Н. Назарбаев полигонду жабуу менен токтолуп калбай, дүйнөлүк мейкиндикте «Ядросуз аалам» түзүү идеясын көтөрдү, бул идеяны кеңири жайылтуу максатында учурда 140 мамлекеттин 30 миңден ашуун серепчилерин бириктирген «G-global» виртуалдуу интерактивдүү аянтчасы иш алып барууда. БУУнун башкы ассамблеясы 2009-жылдын декабрында Казакстандын демилгеси менен 29-августту Ядролук сыноолорго каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү деп жарыялады. Ошондон бери бул күн жыл сайын көптөгөн мамлекеттерде белгиленүүдө.

Жогоруда белгиленгендей, Н. Назарбаев өлкөнү өнүктүрүүдө адегенде экономиканы көтөрүүнү биринчи орунга койсо, эми руханият маселесин колго алды. Ал ушул жылдын апрель айында

«Келечекке багыт: руханий жаңылануу» аттуу макаласын жарыялап, казакстандыктар үчүн жакынкы жылдарда аткарылууга тийиш олуттуу милдеттерди белгиледи. Н. Назарбаевдин үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында «Казак тили алиппесин латын графикасына өткөрүү тууралуу» жарлыкка кол коюусу ушул руханий жаңылануунун кадамдарынын бири.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: