Menu

Кыргызстандын Өкмөтү МЧЖ колдоо боюнча жигердүү иш алып барат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мүмкүнчүлүгү чектелген жактарды (МЧЖ) колдоо боюнча жигердүү иш алып барат. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты билдирет.

Өкмөттүн “Жаңы доорго-кырк кадам” долбоору алкагында 28 кадам каралган: «Тең мүмкүнчүлүктөр-коомчулуктун өнүгүшүнүн негизи».

Программанын максаттарынын бири  мүмкүнчүлүгү чектелген жактарды, өзгөчө 16 жашка чейинки балдар, ошондой эле карылар үчүн базалык минималдык стандарттарды камсыздоонун комплекстүү тутумун түзүү. Учурда Өкмөт мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды караган жактарга эмгек акы төлөөнү киргизүүгө 470 млн сом издеп жатат.

Кыргызстан ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген жактардын өзгөчө талаптарын эске алуу менен, бардык адамдарды өлкөнүн социалдык, экономикалык жана саясий жашоосуна катыштыруу үчүн шарттарды түзүү милдетин колго алды. Атап айтканда, билим берүү жана медициналык кызматтарды жеткиликтүү кылуу, толук жана үзүрлүү иш ордун, тең эмгек акы, инфраструктура, социалдык турак жай жана башкаларды камсыз кылуу.

Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү пландаштыруу, айрыкча, жарым стационардык кызматтар боюнча суроолор мамлекеттик саясаттын приориттеттүу багыты болуп саналат. Бул максатта стационардык социалдык мекемелерге каралган республикалык бюджеттин чоң бөлүгүн  мүмкүнчүлүгү чектелгендерге кызмат көрсөтүү үчүн багыттап, аларды жашаган жерине жакындатуу маселеси турат.

Инвалиддердин укуктары жөнүндө Конвенциядагы нормаларды жүзөөгө ашыруу үчүн ар бир иш-чаранын эсебин эске алуу менен иш-чаралар планы боюнча долбоор иштелип чыкты. Алдын ала эсептөөлөр боюнча Конвенцияны ишке ашырууга шарттарды түзүү үчүн 30 167,7 миллион сом сарпталып, анын негизги бөлүгү, тактап айтканда -23 520,0 миллион сому социалдык турак курууга сарпталса, жеткиликтүү чөйрөнү курууга (инфраструктура) 1 575 миллион сом керектелет.

Инвалиддердин укуктарын толук коргонуу камсыз кылуу жана бул категориядагы адамдарга тең мүмкүнчүлүк түзүү боюнча мамлекетке коюлган милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик органдар, эл аралык жана Кыргызстандагы өкмөттүк эмес уюмдардын биргелешкен күч-аракеттерин бекемдөө керек.

Буга байланыштуу Өкмөт инвалиддердин укугу жөнүндө БУУнун Конвенциясынын ратификациясы боюнча прогрессине, ошондой эле, өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен биргелешен чечимдерди издөө үчүн жарандык коом жана эл аралык уюмдар менен диалог түзүүгө дайыма ачык.

Бүгүнкү күндө инвалиддүүлүк фактын аныктоо боюнча күбөлөндүрүүнү 36752 адам өттү. Майып деп аныкталган жарандардын саны 6,9%(2620 адам) кыскарган, анын ичинде дароо майып деп аныкталган саны 813 адам (9,3%), экинчи жолкусунда аныкталгандары 1807 адам (6,2%). Иш менен камсыз кылуу кызматынын колдоосу менен 157 мүмкүнчүлүгү чектелген адам жумуш менен камсыз болгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − 47 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: