Чолпон-Ата шаардык администрациясынын жыйындар залында «Жаш балдарды зордук-зомбулуктан коргоо» аталышындагы тегерек стол уюштурулуп, ага райондук акимдин орун басары Сатындиева Салтанат, райондук башкаруу бөлүмүнүн башчысы Динара Абирова, мектеп директорлору, РИИБ кызматкерлери жана райондун баш имам хатиби Максат Сейталиев катышты. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
«Ыйман-адеп жана маданият» жылына карата болгон тегерек стол алкагында бүгүнкү күндө болуп жаткан терс көрүнүштөр, балдарга болгон зордук-зомбулуктарга каршы аткарылып жаткан иш-аракеттер туурасында маалыматтар берилип, диний кырдаал, терс агымдардын азгырыктуу иш аракеттеринин коомчулукка тийгизген терс таасири жана анын алды алуу туурасында бир катар ой-пикирлер айтылды. Тегерек стол суроо-жооп менен коштолуп, иш чаранын соңунда мындай жолугушуулардын жыйынтыктарын аткаруу тапшырмасы берилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ