Menu

Зайнабидин Ташиев: «Заводду Казакстанга кургула деген сунушка макул болгон эмеспиз»

Бөлүшүү:

-Зайнабидин мырза, заводдун техникалык жагын өзүңүз карайт экенсиз. Бул технология биздин өлкөгө эң биринчилерден келип олтурат. Станокту өзүңүз изилдеп, тандап жүрүп алдыңызбы? Муну иштетүү үчүн атайын окуудан өттүңүзбү?

— Станок АКШ, Япония, Германия өлкөлөрүнүн компаниялары чыгарган тетиктер менен Кытайда жыйналды. Италиялыктар ушул жерге келишкен. Алардан алалы десек баасы өтө кымбат экен. Кытайда италиялыктардын станогун чогултуп беребиз деген компаниялар менен сүйлөштүк. Долбоор италиялыктардыкы, баары компьютерлештирилген. Кубаттуулугу бир мүнөттө 500 даана такма жалаяк чыгарат. Станоктун бир жеринде кемчилик болгон болсо «датчик» компьютерге кабар берет, компьютер болсо өзү эле жараксыз товарларды бөлүп чыгарып салат. Жараксыз деген товар болгону сүрөтү жылып кеткен болот. Аны сатыкка алып чыга албайсың да. Аларды дагы колдонсо болот. Тагыраак айтканда бир да такма жалаяк жараксыз болбойт. Шаарда өзүбүздүн кеңсебиз бар. Ошол жерден жетимдер үйлөрүнө беребиз. Мен чын эле ишти баштап жатканда түбүнө жетем деп айткам. Кыйынчылыкка чыдап бир нукка түшүп алдык. Бул станокту акчалуу адамдар дагы тобокелчиликке салып коё бербейт. Кээ бир адамдар ушул ишти баштап жатканда дүйнөлүк брендге айланып калган товарларга теңтайлаша алабыз деп корккон жоксуңарбы деп сурайт. Чындыгында бизде андай коркунуч болгон жок. Станокту сатып алардан мурун баарын анализдеп көрүп, өзүбүзгө ишенип калганбыз. Андан кийин керектүү жабдыктарды издей баштадык да. Бир жылдан ашык убакыт жабдыктарды көрүп жүрдүк. Бир жылдан кийин италиялыктардын технологиясы менен станокту Кытайдан чогултуу чечимине келдик. Эң негизгиси чийки затты туура тандаш керек. Биздин товар дүйнөлүк бренддерден сапаты жагынан такыр кем калбайт. Баасы арзан. Туура эмес тандап алса балага жакпай калат. Биздин такма жалаяктарыбыз дем алат. Станокту изилдеп бүткөнүмдөн кийин кайсыл компаниянын жабдыктарын салууну өзүм көзөмөлдөп турдум. Жаңылган эмес экенмин. Станок жакшы иштеп жатат. Адистер монтаждоо иштерине келишкен. Кимден тетик алсак, ошолордун кишилери келип, станокту бизге өткөрүп беришкен. Биз кол коюп кабыл алганбыз. Башында балдар иштеткенден коркот болчу. Мен 6 айлап ушул жерден эч жакка чыга албай калгам. Азыр балдар дагы үйрөнүп калышты.

— Мындай баасы кымбат станокту сатып алуу кыйын. Тобокелчиликке барыш керек болот. Ишти баштап жатканда өнөктөштөр болдубу?

— Эл аралык коммерциялык «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» деген банк бар. Анын негиздөөчүсү англис улутундагы киши экен. Ушул жерге өзү учуп келди. Башында эле аябай катуу иштедик. Долбоорлорубуздун баары англис тилинде жазылып, ошол банк каржылоодо. Алар бизге Кордайдын наркы жагына ачпайсыңарбы деген сунуш да киргизди. Инвестиция салам дегендер өлкөнүн стабилдүүлүгүн карашат экен да. Ошол жылдары бизде саясий окуялар болуп, олку-солку болуп жаткан кез эле. Биз экөөбүз тең патриот экенбиз. Эгер Казакстанга ачканыбызда салыкты ошол жакка төлөмөкпүз, казак жарандары жумуш менен камсыз болмок. Ал сунуштан баш тартып, ушул жерге ачууга ынандырдык. Жума сайын бир жолу келип текшерип көргөндөн кийин көндү. Биз келишим түзүп, чийки заттарды алган АКШ, Япония, Түркия, Түштүк Кореянын компаниялары менен өздөрү сүйлөшүп, текшерип жатышты. Такма жалаяктын сыртында “Тай-Тай” деп жазылып, күчүктүн сүрөтү тартылган материалды Түркиядан алабыз. Сырткы материалы пахта менен жибектен жасалат экен. Бул жумшак, балдарга да жагымдуу. Чоюлчаак кулакчындары Япониядан келет. Ичиндеги пахтасын АКШдан контейнерлеп алабыз. Индикатору Италияныкы. Балдардын сийдигин сордуруп ала турган материал Япония менен Түштүк Кореядан келет. Жиби да Түштүк Кореядан алынат. Россиядан ташып келгенге аларда бир да чийки зат жок. Биздин пахтанын майы бар. Суу куйсаңыз өзүнө сиңирип албайт. АКШ пахтаны Индия, Пакистандан алып, майын чыгарып алгандан кийин сатат экен. Өзүлөрүнүн технологиясы бар. Бүгүнкү күндө “Тай-тай” жана “Балакай” деген эки бренд менен чыгып жатабыз. Экөөсүнүн бир таңгагында 10 сом айырма бар. “Балакайда” сүрөт жок. Такма жалаяктын алдындагы сүрөтү дагы акча экен. Биз баасын арзандатабыз деп сүрөтү жок чыгарып жатабыз. Калган сапаты боюнча эч кандай айырма жок. Дүйнөлүк брендге да нукура кыргыздын сөзү менен чыксак деген ойдобуз. АКШда, Швейцарияда өткөн эл аралык көргөзмөдө дагы чет өлкөлүктөрдүн баары “Тай-тай” деп жакшы сүйлөштү. Азыр “Алдей” деген бренддин үстүндө иштеп жатабыз.

— Товарларыбыз Казакстан, Өзбекстан, Тажикстанга кетип жатат деп жатасыңар. Өндүргөн товарды экспорттоо боюнча келишимдерди түзүүгө жетише алдыңыздарбы?

— Андай келишимдерибиз да бар. Товарды экспорттоонун үстүндө иш алып баруудабыз. Жакынкы коңшу өлкөлөргө келишими жок эле алып кетишип жаткандар дагы бар. Европага чыкканга чамабыз жетпей жатат. Бул заводдун кудурети жетпейт. Азырынча өзүбүздүн өлкө менен коңшу өлкөлөрдү гана тейлей алабыз. Алдыбызда чоң-чоң пландарыбыз бар. Өзүбүздөн такма жалаяк чыга баштагандан бери чет жактан ташып келгендер азая түштү. Ташып жүргөн балдар биздин кампага “Силер кыйналбай эле бизге берип койгула. Биз баарын сатып салабыз” деп келишет. Баш оорутпай эле ошолорго берип койсок, ушул товар менен бир нече жылдан бери иштеп жүргөн тажрыйбасы барлар эмеспи деп дагы ойлойсуң. Бирок, аларга берип койсоң бааны көтөрүп алышат да, товар кымбат болуп калат. Элдин чөнтөгүнө күч келет. Ушундан чоочулайбыз. Өзүбүздөн чыккан товар өз элибизге арзан болуп турганы жакшы.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − 47 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: