Menu

Нышановдун жыт сезгичи  алдабайт

Бөлүшүү:

Парламенттеги депутаттардын таржымалы ар кандай деңгээлде. Кай биринин тили курч болсо, экинчисинин капчыгы калың, жүзүнчүсүнүн эптеп эле ысык жаны бар. Акыркы чакырылыштын ырыскысынан калбай келаткандардын ичинде кадимки Сайдылда Нышанов  деген депутат бар. Ал кезинде Базар-Коргондон  Курманбек Бакиевди жеңип депутат болгонун көбү билбейт. Ошол кезде анын бактысына “Алга Кыргызстан” деген партия жаралып колун узартып коюуга жараган. Кийин бийликке башкалар келип, бул мырзанын “компасы” башка тарапка оогон.

Жети жылдан бери Сакебиз “Ата Мекендин” амири менен парламентте отурат. Бирок, сөөгү ушул партияныкы болгону менен эти башка тарапка тийиштүү десек оң болот. Башкаларга берген куруттун чоңураагына татыктуу болгонунун жөнүн ар тараптан иликтегендер деле болуп калганын мыйзам ченемдүү көрүнүш катары кабыл алсак болчудай. А чынында бул мырзанын жыт алгыч сезими өзгөчө. Эч убакта ал кырдаалдан четтеп кетпейт, желпингендердин жебесине туш келбөөгө жасаган аракети  оңунан чыгып жүрөт. Антпесе таландыга калыш иттен оңой. Бирок, мындай жол таба билгенине  ичи тардык кылуунун кажети жок. Ар ким өзүнүн иш билгилигине, жөндөмүнө, капчыгына жараша  турмушун өткөрүүгө милдеттүү. Мезгил талабын аткара албасаң, кор болуп каларың аштан бышык. Ушул принципти Сайдылда карманып келаткандыгы үчүн суудан кургак чыгып жатпайбы…

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: