Menu

2017-жылдын 8-декабрында Бишкек шаарында ТүркПАнын жетинчи пленардык жыйыны өтөт

Бөлүшүү:

2017-жылдын 8-декабрында Бишкек шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) жетинчи пленардык жыйыны өтөт. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы билдирет.

Аталган иш-чарага ТүркПАга мүчө өлкөлөрдүн парламент Төрагалары жана байкоочу катары Венгрия парламентинин вице-спикери катышат. Андан тышкары, ТүркПА тарыхында алгач ирет ардактуу конок катары Өзбекстан Жогорку Жыйынындагы мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасынын орун басары баштаган делегациясы да келери күтүлүүдө. Ошондой эле Түркмөнстандын парламенттик делегациясы да ардактуу конок катары чакырылган.

Аталган иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун Азербайжан, Казакстан, Түркия, Венгрия жана Өзбекстандын делегация башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү мерчемделген.

Жыйында Ассамблеянын келечектеги ишмердүүлүгүнө жана парламенттер аралык кызматташтыкты арттырууга багытталган маселелер талкууланып, биргелешкен Декларация кабыл алынат. Белгилүү болгондой, кийинки ТүркПАга төрагалык кылуу милдети Казакстандан Кыргызстанга өтөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 65 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: