Бүгүн, 2-декабрда Астанада Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы экономикалык кызматташуу боюнча Жол картасына кол коюлуп, 2-декабрдан 3-декабрга караган түнү, саат 00.00.дө кыргыз-казак чек арасы толугу менен ачыла турган болду. Бул тууралу Казакстандын tengrinews.kz маалымат агенттиги билдирди.
Жол картасына Казакстан тараптан казак өкмөтүнүн Биринчи вице-премери Аскар Мамин, ал эми биз тараптан КР вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов кол коюшкан.
Жол картасында 50 иш чаралар бекитилип, кыргыз тарап анын баарын кынтыксыз аткарууга милдеттенме алды.
Эми казак чек арачылары кыргыз-казак чек арасын күчөтүлгөн режимде кайтарууну кадимки режимге алмаштырат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ