Бүгүн, 2-декабрда Бишкектин “Улан-2” кичирайонунда 2-3 жашар баланы жыгылган жеринен туруусун талап кылып ичке тепкен атанын зомбулугу тартылган видеотасма социалдык тармактарда тарап, интернет колдонуучулардын кызуу талаш-тартышын жараткан.
Бишкек шаардык милициянын басма сөз кызматы билдиргенине караганда шаардын Октябрь райондук милициясы ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, балага зомбулук көрсөткөн жаранды таап, кармап келишкен. Ал азыр суракта.
https://www.youtube.com/watch?v=NnjXlrQFJog
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ