Menu

Качкынбек Булатов, коомдук ишмер: “Бабанов азыр кайтып келе турган болсо, Садыр Жапаровдун жанына барат”

Бөлүшүү:

– Чынын айтыш керек, Атамбаев эч качан баатырлык иш кылган жок. Болгону ал башкарган алты жылда өсүп келеткан жаратман жетекчилерди жана саясатчыларды камакка алып, саясый талаадан чыгаруу боюнча чоң иш жасады. Бийликтин амалын  болушунча пайдаланып, бир далайын ак жеринен болбогон шылтоону бетине кармап каматып койду. Президенттик шайлоого алтернатива түзө түрган үлкөн саясатчылар Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаев, Ахматбек Келдибековду шайлоого катыштырбай коюуга болгон салымын кошту. Шайлоо учурунда президент башы менен мыйзам бузуп,  КТРден өзү беш маал талапкерлерди жамандап, бийликти Сооронбайга тартып берди.  Балким ошол эмгеги үчүн бүгүн “Эл баатыры” сыйлыгына татыктуу болуп жаткандыр. Мүмкүн ал сыйлык Кыргызстандын мойнуна 2 миллиард долларды илип койгон үчүн берилгендир. Кыскасы, калп сүйлөгөнү, аткарбаса да убада бергенден тажабаган Атамбаевге  “Кыргыз эл баатыры” деген орден татыксыз берилди. Аны моюнга алып, кошомат кылып наам бергенди мындан ары адатка айлантпашыбыз керек.

Анткени, ал наам Ош окуясына салым кошуп,  чек арадагы куралсыз уйгурларды, түрмөдөн качкан 9 адамды аттырып таштаганы үчүн берилдиби (?) деген коомчулукта маселе жаралып жатат. Же журналисттерге кугунтук кылып, телевидение, сайттарды жапкан үчүн берилдиби деген ой да ойго салат. Себеби, чабал жетекчи, оозуна ээ боло албаган Атамбаев батырлыкка татыктуу деле эмес эле…

– Атамбаев башкарган 6 жыл эмнеси менен айырмаланды? Ал кандай президент болду?

– Атамбаев бийликке келе электе демократияны, сөз эркиндигин колдой турганын дайыма айтып келген. Бирок бийликке келери менен айткан убадаларын унутуп, бирин да  аткарган жок. Өзү мурунку бийликтин ситемасын улантып,  пикирлеш, санаалаш колдочуларын алдап жолго салып, кошоматчыларды тегерегине үйүп алды. Башкача айтканда, мактоого арзырлык иш деле кылган жок. Ал башкарган 6 жыл мына ушундай майда-барат нерселер менен эле өтүп кетти. Башка президенттерден кыйратып иш кыла албаганы менен айырмаланды. Ал эң начар жана чабал, айткан сөздөрүнө жооп бере албаган президент болду.

– Сооронбай Жээнбеков Атамбаевдин жолун жолдойбу же кичине убакыт өткөндөн кийин мамлекетти Атамбаевдин таасирисиз өз алдынча башкарууга багыт алабы?

– Сооронбай Жээнбеков бийликтин даамын таткандан кийин Атамбаев экөөнүн ортосун кара мышык аралап кетет. Ошондуктан ал убакыт деле алыс эмес. Анткени, Сооронбайга  деле Атамбаев өнүккөн мамлекетти таштаган жок. Кыйын абалга кептелген, чукур кудук казылган, не кылса да айласы кеткен мамлекетти таштап  кетти.

– Эми Өмүрбек  Бабановду кандай тагдыр күтөт? Ал саясый аренадан биротоло кетеби? Же жогору жактын тилин табабы?

– Бабанов Атамбаевдей өжөр эмес. Ал бийликти тартып алганга жаралган эмес. Ошондуктан азыр келсе Садыр Жапаровдун жанына барат. Камикадзе болсо келет, ошол үчүн азыр келгени  опурталдуу.

– Атамбаев өз сөзүндө “мен камаган адамдарым үчүн жооп берем” деп мурунку президенттердей болуп качпасын  айтты го… Ишенсек болобу?

– Эртеби, кечпи чалган чалмакейлерине жана туура эмес иштерине жооп берери чындык. Акыры аны да оңой тагдыр күтпөйт. Себеби, туура, туура эмес иштери үчүн камалат. Мезгили келгенде 6 жылда жасаган иштери тараза ташка салынып, туура эмес иштери үчүн өкүнө турган абалга кептелет.

– Отунбаевага жасаган осол мамилеси өз башына да келип калышы мүмкүнбү?

– Эми чогуу бийликти тартып алган, чоң кыйынчылыктарды бирге көтөргөн үзөнгүлөшүн колуна бийлик тийгенде кекетип жамандаганын эч ким туура көргөн жок. Көрөсүңөр го.  Бир күнү ага жасаган туура эмес мамилеси өз башына да келет. Ошондо туура эмес кылып жүргөнүн, жөнү жок асылуу кандай болоорун, оозуна ээ боло албай сүйлөгөндүн кеспети неге алып барганын түшүнөт.

 

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 18 = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: