Menu

Эдил Байсалов, коомдук ишмер: “Сооронбай Жээнбеков кыска мөөнөттө өз алдынча чыга албаса – ал киши менен эч ким эсептешпей калат”

Бөлүшүү:

– Сооронбай Жээнбеков инагурацияда убада кылгандай биринчи жарлыгы менен Атамбаевге “Кыргыз эл батыры” наамын ыйгары. Чынында, экс-президент Алмазбек Атамбаев мамлекет башкарган жылдары ошол сыйлыкка татыктуу иш алып бардыбы?

– Президент болуп жалпы элдик шайлоодо жеңип чыгыштын өзү эле баатырлыкка барабар. Экс-президент деген статустан биздин өлкөдө жогору наам жок. Атамбаевге “Ак-шумкар” ордени эчак эле, 2011-жылы 1-декабрда өткөн инаугурацияда берилген. Президенттик көкүрөк белгиси – жанагы чынжырда эмнеге илинип турат? Ошол “Акшумкар” ордени эмеспи?! Ошондой төш белгини мына Сооронбай Жээнбеков дагы президент болоор замат тагынды. Атамбаев татыктуу иш алып бардыбы, жокпу, аны тарых чечсин. Жээнбеков сыйлык ыйгарам десе, ал анын эрки жана укугу. Бирок калыстык үчүн айтып коёюн. Ал наамды Роза Отунбаевага деле берип койгула бай болгурлар, кемип калбайсыңар. Антпесенер, элде сөз жүрүп жатат, Атамбаевдин пенсиясы Отунбаеваныкынан эми эки эсе көбүрөөк болсун деп, жанагы баатырдык наам берилиптир. Көрсө ошол наам 100% көбөйтөт экен пенсияны. Бул наам ыйгарылбаганда Атамбаев Отунбаева экөө тең пенсия алышмак экен. Ошонун бир амалы го, айтор, биз деле түшүнбөй калдык.

– Сооронбай Жээнбековго экс-президент Алмазбек Атамбаев кандай мамлекетти таштады?

– Бул жөнүндө жетиштүү эле сөз болду го дейм шайлоо учурунда. Кайсы гана тармакты алып көрбөйлү, туңгуюкта турабыз. Муну мына статистика жана объективдүү фактылар тастыктап турат. 2010-жылы берилген убадалардын бири да аткарылган жок. Экономикалык жактан бизди Тажикистан артта калтырды. Эми Өзбекстан ракетадай алдыга кетти: жанагы Кореяга эле барып келгенин байкагылачы Мирзиеевдин. Канча гана заводдорду ачабыз деп ондогон миллиард доллар киргизип, эл аралык инвесторлор келип атат. Биз болсо мына эң жакын бир тууганыбыз менен тытышып жатып калдык. Эмне дейбиз? Чечкиндүү чаралар талап кылынат. Жөн эле “кудай буюрса” дей берсек, оңолбойбуз.

Эмне үчүн инагурацияга экс-президент Роза Отунбаева жана оппозиция мүчөлөрүнүн бири да чакырылган жок?

– Экс-президент албетте, сөзсүз катышы керек эле. Мен ал киши болсом, чакыруусуз эле, резиденциядагы үйүмдөн 100 метр бери басып келип, өзүм кирип барып, төргө өтүп катышмакмын. “Особое приглашениени” кимден күттү болду экен? Бул жалпы мамлекеттик церемония, бирөөнүн ашканасында өтүп жаткан жеке үй-бүлөлүк иш-чара же менчик той эмес. Бирок булар Отунбаеваны гана чакырбастан, бир дагы башка мамлекеттик ишмерди чакырышпаптыр. Мамлекеттик эгемендүүлүгүбүз жөнүндө декларациясыга кол койгон, легендарлуу парламенттин төрагасы аксакал Медеткан Шеримкуловдон сыйлуу ким бар азыр  кыргызда? Абдыганы Эркебаев эмнеге ал жерде отурган жок? Апас Жумагулов баш болгон бир канча премьер-министрлерибизден бирөө да чакырылбаптыр. Мунун баардыгы түшүнүктүү эле болуп калды. Атамбаевдин саясаты азыр баардык жол менен Сооронбай Жээнбековту изоляцияга алуу. Бир дагы башка саясий күчкө же эски элиталарга таянмай турмак, саламдашууга же куттуктоо кабыл алууну дагы көрө албай турат. Жээнбековдун ролу “Кыргыз Республикасынын Президенти” эмес, бир кана “Соке Досум” болуш керек. Ошондо Атамбаев бийлигин улантмай турмак, дагы күчөйт. Байкасаңыз, эми кечээ күнү дагы Мирзиеев Атамбаевге телефон чалып ыраазычылык билдирип атат “орден бердиң” деп. Эми протокол боюнча Жээнбековго андан мурда телефон чалып куттукташ керек эле да. Бирок, аны эске да алып койгон жок. Бул жөн эле катачылык эмес. Роза Исаковна өзүнүн “Азаттыкка” берген интервьюсунда эң сонун түшүндүрүп бергендей, Сооронбай Жээнбеков бир айдын ичинде өзүнүн статусун бекитип, өз алдынча чыга албаса, өлкө ичинде дагы, сыртында дагы, ал киши менен эч ким эсептешпей калат.

Кээ бир аналитиктердин айтуусу боюнча Атамбаев менен Жээнбековдун командасы жакынкы 6-7 ай аралыгында ич ара тиреши ырбап, Атамбаев Отунбаевадай болуп, президент Сооронбай Жээнбековдон ыдык көрөбү?

– Кандай болгон күндө дагы Сооронбай Жээнбеков оор басырыктуу жана маданияттуу киши. Ал эч качан борбордук аянтта туруп алып Атамбаев же Отунбаева эмес, Акаев менен Бакиевке дагы жаман сөз айтпайт. Элчилерди тизип алып, кыргыздын чыгаан уулдарын каргабайт же кыргыздын региондорун жаман сөздөр менен сөкпөйт. Тиреш албетте болот. Бул экөө бир тууган болгон күндө дагы, тиреш боло турган эле иш. Бирок Конституцияда толугу менен Жээнбековдун тарабында. Ошондуктан эл дагы жана мыйзам ал кишини колдойт. Бийликтен кеткен киши өзүн олуя сезбей эле, баш ийип бериши милдет. Ошондо анан демократия орноду, таза шайлоо өттү десек болот. Атамбаев эмес, улуу Джордж Вашингтон президенттигин өткөзүп берип, фермер болуп иштеген. Де Голь менен Черчилдер дагы кызматын өткөзүп беришкен. Мен айтып коюшум керек, биз үчүн бул өтө маанилүү суроо. Анткени, бийликти узурпациялоо деген макамды эч ким дагы жокко чыгара элек. Президент президент болуп жалпы элибизге кызмат кылсын. “Досум Соке” боло турган болсо, бат эле элдин ишенимин жоготуп коет.

Айрымдар сизди “Сооронбай Жээнбеков тууралуу жакшы пикирин билдирип жатат. Байсалов жакшы кызматтын бирин аркалайт”- деген күбүр-шыбыр кеп таркатып жатышат  го. Ишенсек болобу?

– Жакшы кызмат силерге буюрсун, кымбаттуу айрымдар. Жаңы шайланган президентке жакшы тилек айтып, куттуктап коюу – бул демократиянын этикети. Мен жеке башка талапкерге добуш бердим. Бирок элим шайлаган жетекчиге мойнумду сунам. Бул эмне кошоматпы? Мага силер айткан “жакшы кызмат” керек болсо, мен эмне мурункуларына кошомат айткан жокмун? Кичине маданиятыбызды оңдоп, өзүбүздү сыйлап, көчөдөгү эң төмөнкү катмардын сөз жана ой деңгээлинен жогорулайлы. Антпесек, биз алыска барбайбыз, туугандар.

Булак: “Майдан. kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: