«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Тынчтык Шайназаров Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында орчундуу маселени көтөрдү. Ал өз сөзүндө союз учурунда Кыргызстандын 1 миллион 900 миң гектар суу баскан айдоо жери болсо, бүгүнкү күндө анын 1 миллион 200 миң гектары эле калганын, анын 200 миңи иштетилбей турганын билдирип, “Айыл өкмөттөр бир гана жер сатуу менен гана алектенип калды” – деп, учурдун ачуу чындыгын жар салды. Мындан улам, депутат 400дөн ашык айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгү такыр көзөмөлгө алынышы керектигин айтып, «Айыл өкмөт башчылары өз милдеттерин так аткарышайт, качан болсо тойдо, шаарда, батада жүрөт, көпчүлүгү иш орундарында болбойт», – деп сынга алды.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ