Сокулук райондук прокуратурасы тергөө абагынан төрт кишинин качып кетишине байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 304 жана 316-беренелердин негизинде (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Шалаакылык”) кылмыш ишин козгоду. Буга байланыштуу эки милиция кызматкери убактылуу тергөө жайына камалды. Эске сала кетсек, 27-ноябрда Сокулук райондук милициясынын тергөө абагынан төрт киши качып кеткен. Аларды кармоо боюнча Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун милициясы “Сирена” планын жарыялап, үчөө колго түшүрүлгөн. Бул иш ИИМ тармагындагы көйгөйлөрдүн бир чети. Министрликке реформа жасайт деген Улан Исраилов эт эмес же чел эместигин көргөздү. Эми бул кызматтын башына чечкиндүү жетекчи келбесе болбойт. Исраилов генералдык чинге жеткенине ыраазы болуп, кызматын өткөрүп берүүгө тийиш. Ымтырагандарга ИИМде орун жок…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ