Menu

Мирзиёев мыйзамсыз жол менен алынган далилдерди колдонууга тыюу салды

Бөлүшүү:

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев мыйзамсыз жол менен топтолгон далилдерди колдонууга тыюу салган жарлыкка кол койду.

“Сот-тергөө ишиндеги жарандардын укуктары менен эркиндиктеринин кепилдигин күчөтүү чаралары” жөнүндөгү жарлыкка ылайык, үч ай ичинде тергөө абактарына, убактылуу жана административдик камоо жайларына видео көзөмөл орнотуу тапшырмасы берилди.

Өзбекстанда мындан ары мыйзамсыз жол менен алынган күбөлөрдүн, жабырлануучулардын, шектүүлөрдүн, эксперттердин көрсөтмөлөрүн жана аудио-видеожазмаларды колдонууга тыюу салынды.

Мындан ары далилдер укуктук нормаларды бузуу менен топтолгону маалымдалса, алар милдеттүү түрдө медициналык экспертизадан жана прокуратуранын текшерүүсүнөн өтөт.

Фактларды бурмалап, көрсөтмө берүүгө мажбурлагандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: