Menu

АКШнын атайын прокурору “сот адилеттүүлүгүнө жолтоо болгондорго” иш ачат

Бөлүшүү:

2016-жылы Америкада өткөн президенттик шайлоодо Москванын ыктымал кийлигишүүсүн иликтеп жаткан АКШнын атайын прокурору Роберт Мюллер “сот адилеттүүлүгүн орнотууга жолтоо болуу” боюнча кылмыш ишин козгоого жол ача турган фактларды чогултууда.

Бул тууралуу америкалык Politico басылмасы сенатор-демократ Дайан Файнштейнге шилтеме берип билдирди.

Сенатордун пикиринде, Майкл Флинндин күнөөсүн моюнга алышы жана анын тергөө менен кызматташуу боюнча макулдугу “сот адилеттүүлүгүн орнотууга жолтоо болуу” боюнча иш ачууга даярдык көрүлүп жатканын далилдөөдө.

Трамп 2017-жылы майда ФБР директору Жеймс Комини иштен алган соң, “Орусиянын ыктымал кийлигишүү” ишин Мюллер иликтеп баштаган. Бир айдан соң Коми атайын угууларда көрсөтмө берип жатып, Трамп ага кысым көрсөткөнүн маалымдаган. Коминин айтымында, президент андан Флинндин орус расмий өкүлдөрү менен болгон байланыштарын иликтөөдөн баш тартышын талап кылган.

Бул арада АКШ лидери Дональд Трамп президенттик кампаниясындагы жетекчилер орус өкмөтү менен кутумга барганын кайрадан четке какты.

Буга чейин атайын прокурор Роберт Мюллер чалгын кызматынын атайын өкүлдөрүнүн бири Питер Стрзокту иликтөөдөн четтеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 + = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: