Өзбекстандын Мусулмандар дин башкармалыгы Меккеге ажыга барууну каалагандар үчүн талаптарды күчөттү.
Өлкөнүн Мусулмандар дин башкармалыгынын 1-декабрда жарыяланган жаңы фатвасына ылайык, ажыга барууна каалаган жарандар Меккеге барып-келүүгө кетчү каражаттан сырткары үй-бүлөсүнүн жашоосу үчүн дагы жеткидей акча калтырып кетиши зарыл. Андан тышкары алар бардыгына үлгү боло турган өз маалесинин абройлуу адамдары болушу керек.
«Талапкерлерди тизмеге киргизүүдө анын каржы абалын гана эмес, моралдык сапаттарына дагы көңүл бурулуусу шарт. Ал руханий жактан өнүккөн жана исламдын калган төрт негизги парзын аткаруусу керек», — деп айтылат фатвада. Дин башкамалыгынан билдиришкендей, өткөн жылдары ажыга баргандардын арасында материалдык абалы жакшы эмес жана ден соолугу начар адамдар дагы болгон.
Быйыл жыл башында 32 миллион калкы бар Өзбекстан үчүн ажылык квота көбөйтүлгөн. Бирок бийлик жарандардын эки жолу ажыга жана умрага баруусуна тыюу салган. Быйыл ажылык зыяратка 7,5 миң өзбекстандык барды.
Буга чейин Өзбекстанда Меккеге ажыга баруу үчүн бир канча жыл кезек күткөн жарандардын бар экени кабарланган. Алардын айрымдары зыяратка жөнөтүү жемкорлук менен коштолорун айтып даттанышкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ