Menu

Сапар Исаков Даниянын Элчиси Томас Винклер менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кечээ, 4-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Кыргыз Республикасындагы Дания Королдугунун Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Томас Винклерди кабыл алды. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Даниянын Элчиси Томас Винклер Премьер-министрди президенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады: «Биз Кыргызстанда демократиялык, анын катарында адам укуктары жаатындагы өзгөрүүлөрдү байкап жатканыбызга абдан кубанычтабыз».

Сапар Исаков быйыл Кыргыз Республикасы менен Дания Королдугунун ортосундагы дипломатиялык мамилелерге 25 жыл толуп жатканын белгилеп кетти.

«Биз мамилелерибизди ар кандай тармактарда жигердүү өнүктүрүүбүз, анын ичинде жалпы жеңилдиктер тутумун (ВСП+) колдонуу менен өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнү өстүрүүбүз зарыл», – деди Өкмөт башчы.

Өз кезегинде Элчи Томас Винклер Дания саясий диалогду бекемдеп, бизнес жана маданият тармагын өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыкты чыңдоого даяр экендигин баса белгиледи.

«Даниянын жалпы жеңилдиктер тутумунун техникалык аспекттерин окутуу боюнча жакшы тажрыйбасы бар жана биз кыргыз бизнесине аталган маселеде көмөк көрсөтүүгө даярбыз», – деди Элчи Томас Винклер.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар «Таза Коом» санариптик трансформация боюнча улуттук программанын алкагындагы кызматташтыкты талкуулады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 60 = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: