Бир айга жакын мезгилден бери жетекчи дайындалбай турган, вице- премьер министр болуп кеткен Дайр Кенекеевдин ордуна, өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Марат Мураталиев барды. Мураталиев буга чейин Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеген. Марат мырза Талас облустук мамлекеттик администрациясынын мурдагы жетекчиси Байымбет Мураталиевдин иниси болот. Ал эми бир тууган иниси Чыңгыз Мураталиев азыркы учурда Талас шаарынын вице-мэри кызматында иштейт. Айтмакчы, Талас облусуна барат делген Болсунбек Казаков Мамлекеттик мүлк фондун жетектеп турган учурунда чоң кемчилик кетирип, алапайын таппай турган кези экен. Балким жакын арада кылмыш иши да козголуп калышы мүмкүн дешет.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ