Menu

“Эйр Кыргызстанды” кимдер курутууда?

Бөлүшүү:

“Эйр Кыргызстан” деп аталган аты бар, бирок заты жок, жападан жалгыз мамлекеттик авиакомпаниябыз бар. Бүгүнкү күнү ал эмне иш кылууда? Ички каттам болобу, сырткы каттам болобу бул компания бир да самолет учурбай калыптыр. Эмнеге деген суроо болсо, азыркы учурда самолет учуруу экономикалык жактан пайдасыз имиш. Андагы иштеген жетекчилердин айтымына караганда, маселен ар бир учуу 70-80 евродон кем болбош керек экен. Ошондуктан чыгымга иштебей, учууларын токтотуп салышкандыгы маалым болууда. Бирок ошол эле учур­да, эмне үчүн жеке менчик компаниялар кабагым-кашым дебей эле, жумасына 5-6 рейс кылып учуп жатышат. Анда жеке эле ич­ки каттам эмес, эл аралык каттамдарга да учактары тынбай учууда. Рынок заманынын мыйзамдарына ылайык, бир да жеке менчик ишкана чыгымга иштебейт.

Болбосо алар эмнеге баланча кабат конторун толтуруп алып иштеп жүрүшөт? Демек мамлекеттик авиакомпаниянын жетекчилигинин айткандары суу кечпеген эле маселе. Айрымдары мунун артында чоң-чоң “иштер” жатышы мүмкүн деп эсептешүүдө. Учактарын болсо, чет өлкөлүк компанияларга ижарага берип салышыптыр. Балким учак учуруу машакатынан качып, оңой жолго өткүлөрү келгендир. Биздин жарандардын ички-сырткы кат­тамдарга өз убагында башкалардан арзаныраак учуусун мамлекеттик компания камсыздабаса, бул маселени ким аткарат? Эгерде бул маселе, чечилбесе жетекчиликти алмаштыруу керек окшойт.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 62 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: