Menu

Жогорку сот 8 өлкө жарандарынын АКШга кирүүсүнө тыюу салды

Бөлүшүү:

Дүйшөмбү, 4-декабрда АКШнын Жогорку соту Трамптын мусулмандар басымдуулук кылган сегиз өлкөнүн жарандарынын Америкага кирүүсүнө тыюу салган жарлыгын колдоду.

Мындан ары Ливия, Сирия, Иран, Йемен, Сомали, Чад, Түндүк Корея жана Венесуэланын белгилүү бир топтогу жарандары үй-бүлөлүк, ишкерлик байланыштарына карабай же америкалык окуу жайларга тапшыруу үчүн АКШга кире алышпайт. Ошол эле маалда айрым өлкөнүн белгилүү бир категориядагы жарандары кошумча текшерүүдөн өткөн соң виза алышы ыктымал.

Трамптын администрациясы мындай чараны аталган өлкөлөрдө жайылган терроризм коркунучу менен түшүндүрүүдө. Бул жолу жарлык кандайдыр бир убакыт менен чектелбейт жана документ бул өлкөлөрдүн АКШда жашаган туугандарына дагы тиешелүү. Жарлыктын мурдагы вариантында бул кишилер үчүн чектөөлөр каралган эмес. Документке каршы чыккандар мындай жол менен Трамп адамдарды диний белгилери менен бөлүп-жарууда деп эсептешүүдө.

Администрациянын өкүлдөрү Жогорку соттун мындай күтүүсүз чечимин кубатташты.

Бирок бул Жогорку соттун убактылуу чечими. Президенттин жарлыгынын мыйзамдуулугун текшерүү боюнча федералдык жана апелляциялык соттук иликтөөлөр бүткөн соң иш кайра каралышы ыктымал. Бир нече штаттар жана укук коргоо уюмдары жарлыкты мыйзамсыз деп эсептешет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 + = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: