Menu

Ашхабадда күндүз жылуулукту өчүрүшүүдө

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын бир нече кичирайондорунда күндүз маал-маалы менен жылуулук өчүрүлүүдө.

Ашхабаддын борбордук бөлүгүндө жашаган тургундардын айтымында, акыркы бир жумадан бери абанын температурасы күндүз +1, түнкүсүн – 5 градус болгону менен жылуулук берилген эмес.

Коммуналдык кызматтын өкүлдөрү жылуулук системасы бузулуп жатканын билдиришүүдө.

Ашхабадда былтыр дагы ушундай эле көрүнүш болгон. Буга байланыштуу жашоочулар электр жылыткычтарды колдонуп, газ плиталарын жылуулук үчүн иштетишүүдө.

Түркмөнстанда быйыл жайында калк 25 жыл бекер колдонуп келген суу, электр энергиясы жана газ үчүн жеңилдиктер жоюлган. Буга улай, 1-ноябрдан тарта коммуналдык кызматтар, суу, газ жана электр кубаты үчүн тарифтер кымбаттаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 45 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: