Бүгүн, 5-декабрда ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы генералдык консулу Сун Лицюнь мырзаны кабыл алды. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.
Эки тараптуу достук маанайында өткөн жолугушууда ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев генералдык консулга Жалал-Абад облусу туурасында кыскача маалымат берди.
Кытай Эл Республикасы Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы электр линиясын бүткөрүүгө чоң жардам берди. Мындан сырткары учурда Балыкчы – Жалал-Абад альтернативалуу түштүк автомагистралын курууга өз салымын кошуп жатат. Бул стратегиялык мааниси бар жолдун курулушу 2019-жылы аяктайт. Ал эми ЖАМУда Конфуций институту ийгиликтүү иштеп жатат,- деди ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев.
— Быйыл январь айында ЖАМУда ачылган Конфуций институтунун ачылышына менин дагы салымым болгон. 2018-жылы Кытайдын эл аралык туризм компаниясынын кызматкерлери Жалал-Абад облусунун эң кооз жерлерин фотографиялык сүрөткө тартып, анын презентациясын Пекинде өткөрүшөт. Анын башкы максаты туризмди өнүктүрүү. Өткөн жылы Жалал-Абад облусунда иштеп жатышкан кытайлык бир топ ишканалар бир катар кыйынчылыктарга кабылганда облустун жетекчилиги жаралган көйгөйлөрдү жеринде чечип бергендигине терең ыраазычылыгымды билдирип кетемин. Сиздердин облустун аймагында иштеп жатышкан кытайлык ишканаларды жана алардын жумушчуларынын коопсуздугун камсыз кылууга өз көмөгүңүздү көрсөтүүнү суранып кетээр элем,- деди Кытай Эл Республикасынын Оштогу генералдык консулу Сун Лицюнь мырза.
Эки тараптуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев Жалал-Абад шаарынан 20 гектар жер логистикалык борбор куруу үчүн ажыратылгандыгын, учурда аны ишке ашыруу боюнча инвесторлор керек болуп жаткандыгына токтолуп кетти. Мындан сырткары кытайлык ишкерлер менен биргеликте 2018-жылы облустун аймагында тери жана жүн иштетүүчү заводду куруу максаты белгиленип жаткандыгын ортого салды.
Кытай Эл Республикасынын Оштогу генералдык консулу Сун Лицюнь мырза ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиевди ишкерлер менен биргеликте Кытай Эл Республикасына иштиктүү кызматташуу сапарын уюштурууга өз көмөгүн көрсөтөөрүн билдирди. Генералдык консул бул максатта облус жетекчисин Кытайдын кайсыл провинциясы, кайсыл тармагы кызыктыраарын жана ал боюнча конкреттүү сунуштарын берүүнү ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиевден өтүнүп кетти.
Эки тараптуу сүйлөшүүгө ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, генералдык консулдун экинчи катчысы Чжан Ян мырза катышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ