Menu

Жалал-Абаддагы имамдар муктаждарга жана майыптарга жардам көрсөттү

Бөлүшүү:

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Аксы, Майлуу-Суу, Кара-Көл  шаардык хатибияттарынын демилгелери менен ата-энеси жок, турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө 648200 сомдук жардам көрсөтүлдү. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.

Алсак, Базар-Коргон райондук хатибияты жергиликүү элдин жана “Итар” кайрымдуулук фонду менен биргеликте атасынан ажыраган 70 жетим балага  550 миң сомдук акчалай жөлөк пул таратышты. Бул демилге райондун баш имам хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков тарабынан демилгеленип, бир жылдан бери таратылып келүүдө. Райондун баш имам хатибини  жардам  берип жаткан демөөрчүлөргө ыраазычылыгын билдирип, жардам берип жаткан инсандардын ата-энелерине, жакындарына дайыма дуба кылып турууга  үндөп, үйлөрүндө таалим-тарбия берип турууга чакырды.

Аксы райхатибиятынын демилгеси менен муктаждарга 60 миң сом таратылды

Ал эми Аксы райхатибиятынын демилгеси менен Аксы районуна караштуу Авлетим айыл өкмөтүнүн баш имамы Өмүрбек Тургуналиев жеке өзүнүн демөөрчүлүгү менен II-топтогу майып Орозалиев Нурбекке 35500 сом акчалай жардам көрсөттү. Буга чейин жогоруда аталган имам муктаж болгон үй-бүлөөлөргө көптөгөн кайрымдуулук иштерин жүргүзүп келген.

Ошондой эле Аксы райондук хатибияты «ЭТАР» кайрымдуулук фонду менен биргеликте райондогу муктаж болгон 10 үй-бүлөгө 2500 сом акчалай жардам беришти. Райхатиб Мырзабек ажы Абыдкалыков тоголок жетим жана атасынан ажыраган балдарды ыйманга чакырып, жакшы каалоо-тилектерин айтып, турмуштун  оор жана татаал учурларына  бекем болуп, өлкөбүздүн мыкты инсандары болушун Жараткандан тиледи.

Майлуу-Суу шаардык хатибиятынын демилгеси менен мүмкүнчүлүгү чектелгендерге 24 200 сомдук акчалай жардам көрсөтүлүп, 20 мүшөк көмүр таратылды

Майыптар күнүнө карата эки 1961-ж.туулган, 4-даражадагы  цирроз печень оорусу менен ооруган Акматова Мастурага жана 1964-ж.туулган, “рак молочной железы” дарты боюнча 4-даражадагы Акматова Чолпонайга 3 миң сомдук акчалай жардам жана кошумча 1200 сомго эт азыгы алынып берилди. Ошондой эле 2 үй-бүлөгө 20 кап көмүр жана 1500 сом акчалай жардам тапшырылып, социалдык муктаждыгыгына көмөк көрсөтүлдү. Жардам алган  Рыскулов Заирбектин үй-бүлөсүндө 4 мектеп курагындагы жана мектепке чейинки курактагы жаш балдары бар, ал эми Сатыбалдиева Гүлсаранын  мектеп курагындагы 5 балсы бар.

Муну менен катар “Жеке-Мисте” мечитинин имам-хатиби Э.А.Аджыхановдун жеке демөөрчүлүгү менен 5 балалуу үй-бүлөгө 5 миң сомдук жардам жана төрт майыпка 10 кг кой эти жана 2 миң сомдук акчалай жардамын көрсөттү. Муну менен катар шаар хатибияты тарабынан жалпы 15 миң сомдук 16 муктаж үй-бүлөгө 1 көрпө жана жаш балдарга ылайык жаңы кийим-кече таратылды. Жардам алган энелер ыраазычылыктарын билдиришип, ак баталарын беришти.

Кара-Көл шаардык хатибиятынын демилгеси менен биргеликте “Мүрөк-К” фонду 50 миң сомдук жардам тапшырылды

Кара-Көл шаардык хатибияты менен биргеликте Кара-Көл шаарында уюшулган «Мүрөк-К» кайрымдуулук фондунун дүкөнү муктаж адамдарга керектүү кийим-кечелерди, кышкы бут кийимдерди жана ошондой эле тамак-аш азыктарын таратып берди.

“Муктаж үй-бүлөлөргө картошка, кесме, күрүч, пияз, эт азыктары таратылып, колубуздан келишинче жардамыбызды тапшыруудабыз”,-дешти уюштуруучулар.

Алгач шаардын Бекташ көчөсүнүн тургундары Сакаева Айжамалга жана Токторалиев Кадырбекке эт, тамак-аш жана азык-түлүктөн  жардам берилсе, 10 үй-бүлөгө 30 миң сомдук 750 кг көмүр таратылды. Мындан тышкары “Абу Бакр” мечитинен эки эчки союлуп, 8 миң сомдук жардам тапшырылган.

Эске салсак, хатибияттардагы кайрымдуулук иштер 2016-жылдын 30-июлунда КМДБнын кызматкерлери жана казылар менен болгон жыйында кабыл алынган №26-протоколунун негизинде, №03 30.07.2016-жылдагы №03-токтомунун 3-пунктуна ылайык Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин  кайрымдуулукту күчөтүү боюнча берген тапшырмасына жана Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закировдун “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата кабыл алынган иш мерчемин ишке ашыруу максатында уюштурулууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − 64 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: