Menu

Ар кимдин өз брекзити

Бөлүшүү:

Брекзит боюнча макулдашууга келе албаган Улуу Британия менен Европа биримдиги 14-15-декабрда өтчү ЕБ саммитине чейин сүйлөшүүлөрдү ийгиликтүү аяктоого үмүттөнүп жатышат, деп жазды La Republica басылмасы. Сүйлөшүүлөрдөн кийин Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй менен Европа комиссиясынын башчысы Жан-Клод Юнкер Лондон менен Брюсселдин ортосунда пикир келишпестиктерди жараткан «бир канча көйгөй» бар экенин моюнга алышты. Басылма акыркы эки айдын ичинде тараптар ортосундагы эң оор тема Ирландия чек арасы болгонун жазууда. Дүйшөмбүдө Британия өкмөтү Евробиримдиктен чыккандан кийин Ирландиянын жана Британия курамына кирген Түндүк Ирландиянын көз карандысыздыгын нормативдик жактан шайкештөөгө макул болуп, Евробиримдик менен Ирландиянын басымына баш ийип берди, деп белгиледи The Guardian.

The Daily Telegraph британ басылмасы «Улуу Британия менен Европа биримдиги Брекзиттен кийин Түндүк Ирландия менен Ирландиянын ортосунда катаал чек ара болбогудай макулдашууга келишти», деп жазды. Ирландиянын ТИМ башчысы жана вице-премьери Саймон Ковени RTEтелеканалына берген маегинде Брюсселде чек ара жок болот деген макулдашуу болгонун билдирди. Айтымында, Ирландиянын эки бөлүгү тең бирдиктүү бажы жана соода эрежелерине баш ийишет. Бирок бул макулдашууга Түндүк Ирландиянын Демократиялык юниондук партиясы каршы болууда. Анын өкүлдөрү Брекзит ишке ашкандан кийин Улуу Британиянын түрдүү субъектилери үчүн ар башкача шарттар болбошу керек деп эсептеп жаткандыктарын La Republica басылмасы жазды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − 87 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: