Menu

Ошто «Муслима» кыздар медресесинин окуучулары үч айлык медициналык курсту аякташты

Бөлүшүү:

Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүндө жайгашкан “Муслима” кыздар медресесинин окуучулары үч айлык медициналык окуу курсун аякташты. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.

Аталган окуу курсу “Бегайым” окуу борбору тарабынан уюштурулуп,  ийгиликтүү аяктаган окуучуларга сертификаттар тапшырылды. Иш чарага Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, ДИМКтин түштүк аймактык бөлүмүнүн башкы адиси Бөрүмухамбед Эсенов, Шарк айыл өкмөтүнүн башчысы Таалай Тезекбаев, “Бегайым” окуу борборунун жетекчиси Сахиба Шакирова, медресе мүдүрү Шүкүрхан Алимова жана казыят кызматкерлери катышышты. Жолугушууда облус казысы Самидин кары Атабаев жалпы окуучуларды окуу курсун ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, окуучулардын диний билим менен кошо медициналык кесипти үйрөнүүсү чоң мүмкүнчүлүктөргө шарт түзөөрүн билдирди.

Эскерте кетсек, жогорудагы медициналык окуу курсунда биринчи медициналык тез жардам көрсөтүү, ийне саюу сыяктуу башталгыч негиздеги билимдер үйрөтүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: