Америкалык генералдар жана дипломаттар Орусия менен аскердик кызматташууну эске алып, Ооганстанга карата стратегиялык курсту өзгөртүү маселелерин иликтеп жатышат, деп билдирди, The Washington Times.
Кошмо Штаттар Орусиянын Ооганстандагы героинди өндүрүүгө каршы чараларды күчөтүү талабын канааттандырууга даяр. Ооганстандагы америкалык контингенттин командачысы, генерал Жон Николсондун айтымында, маңзаттын айынан жыл сайын он миңдеген орусиялык жаран өлүмгө учуроодо. Акыркы күндөрү мамлекеттик катчы Тиллерсон менен Жон Николсон бир нече жолу Вашингтон менен Москванын ооган жаңжалын жөнгө салууга кызыктар экенин билдиришкен.
Басылма билдиргендей, дүйнөнүн бир аймагында тирешкен эки өлкө кайсы бир маселелерде кызматташууну жакташууда, деп эсептейт Орусиянын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ