Menu

Алмаз Атамбаев 15-декабрда КСДПнын Генералдык секретары болуп шайланат

Бөлүшүү:

Алмаз Атамбаев 24-ноябрда кызматын өткөрүп бергенден бери бир ай өтпөй, 15-декабрга КСДПнын съездин чакырып жатыптыр. Анда Атамбаев өзүн КСДПнын Генеральный секретары же Төрагасы кылып шайлатат экен.

Бир кездеги КПССтин ролун КСДП аткарса, Брежневдин ролун Атамбаев аткарып, Кыргызстанда кой үстүнө торгой жумурткалаган жыргализм заманы келет дешет. Леонид Брежнев биздин Алмаз Атамбаевдин жаш кезинен бери келаткан кумири экенин студент кезинде Атамбаев менен Москвада бир батирде жашаган белгилүү кинорежиссер Замир Эралиев жазбады беле: “Атамбаев кээде эле дайынсыз жоголуп кетчү. Бир жолу да бир жумадай дайынсыз жоголуп кетип анан пайда болгондо “кайда жүрдүң?” деп сурасам “атагы таш жарган акынга барып, Брежнев атабыз тууралу ыр жазып бер” деп көндүрдүм” дейт.  “Ал ырды эмне кыласын?” деп таң калып сурадым. “Ушуну кантип түшүнбөйсүң? Мен ал ырды гитарага салып ырдайм да. Анан менин атагым бүт өлкөгө тарайт” деп таңкалыштуу жооп берди”, деп жазган бирге жашаган кездерин эскерген Эралиев.

КСДП өзүнүн “Кыргызстан” сыяктуу клон партиялары менен бирдикте Кыргыз мамлекетин көп жылдарга башкаруучу авангард партияга айланат экен. Ал эми Атамбаевдин алтын жалатылган эстеликтери өлкөнүн булуң-бурчуна орнотулат имиш.

Бир кезде Атамбаев өзү Путиндин көзүнчө айткан: “Кыргызстанда 2 революцияны тең  мен жасагам, мындан кийин мен революция жасабайм, демек Кыргызстанда эми революция болбойт” деген сөзүн далилдеп,  “Революцияны биз жасадык!” деп кыйкырып жүргөн таластыктарды бир-бирден талкалады. Саруулуктардын экөө-үчөөсүнүн көзүн резина ок менен чыгара аттырды.  “Революцияны эл жасады” дегендердин да оозун жап кылды. Нарындыктар да кыйкырып-кыйкырып калып калышты. Мындан ары КСДП менен анын Генеральный секретары Алмаз Атамбаев үчүн алтын доор башталчудай болуп турат.

Мамлекеттик резиденцияда президент кезинде өзү жашаган үйү менен кабинетин жаңы президент Сооронбай Жээнбековго бошотуп бербей жатыптыр. Ошондуктан КР Президентинин иш башкармалыгы Жээнбековго башка бир үйдү бошотуп, майлап-түздөп жатканы белгилүү болду. Андан сырткары Атамбаевге ай сайын 153 миң сом пенсия төлөнөт деген буйрук даярдалганы айтылууда (Роза Отунбаева экс-президент катары пенсияга 80 миң сом менен чыкканда чоң ызы-чуу болду эле). Жан сакчылары менен шоопуру жанында калып, өзү үй-бүлөсү менен толук мамлекеттик камсыздоого алынган.

Мындан ары КСДП Кыргызстанды башкарса анын Генералдык секретары КСДПны калчайт экен.

Жашасын КСДП жана анын Генералдык секретары!

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: