Menu

Сооронбай Жээнбеков ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алды

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков кечээ, 5-декабрда өлкөбүздүн ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алды. Бул туурасында президентттин расмий сайты жарыялады.

Жолугушууда Мамлекет башчысына ички иштер органдарынын кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча ишмердиги, ички иштер органдарынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иш-чаралардын ишке ашырылышы жана укук коргоо органдарында жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берилди.

Президент Сооронбай Жээнбеков ички иштер органдары жалпысынан алдыга коюлган милдеттерин жакшы аткарып жатканын, ишмердүүлүгүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн динамикасы жакшы жыйынтыктарды ырастагандыгын белгиледи.

Бирок калкты сурамжылоо коомчулук тараптан ички иштер органдарына дагы эле нааразычылыктар бар экенин, милиция кызматкерлеринин ишине же кайдыгерлигине карата жарандардан арыздар көп түшүп жатканын көрсөтүүдө.

«Укук коргоо органдарындагы айрым коррупциялык көрүнүштөр нааразычылыктарды жаратып, кыргызстандыктардын сын пикирлерине туш болуп жатат. Коомчулук тарабынан милиция органдарындагы коррупция маселеси дайыма көтөрүлүп келет», – деп белгиледи Президент жана Улан Исраиловдон милициянын катарын коррупциялык элементтерден жана көрүнүштөрдөн арылтып, тазалоо боюнча конкреттүү жана катуу чараларды көрүүнү талап кылды.

Мамлекет башчысы ошондой эле жол кырсыктарын алдын алуу багытындагы көйгөйлөргө токтолду. Ал Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын ордуна Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгын түзүү жолдордогу абалды жакшыртат деген үмүттү билдирди. Президент  министрдин көңүлүн ЖККББ инспекторлорунун айдоочулардан акча өндүрүү боюнча жарандардын арыздарына көңүлүн бурду.

Мындан тышкары, Президент жаш балдарга карата кылмыштарга каршы күрөш ИИМдин ишмердигинде артыкчылыктуу багыт болушу керектигин белгиледи. «Мындай кылмышкерлерди кармап гана тим болбостон, бул багытта алдын алуу иштерин өз убагында жүргүзүү керек. Өспүрүмдөр менен иш  жүргүзүү боюнча инспекциянын ишин күчөтүү керек», – деди Президент.

Муну менен бирге Президент жер-жерлерде, аймактарда укук тартибин чыңдоо боюнча тапшырма берди. Буга байланыштуу ар бир айыл аймакта участкалык инспекторлордун милдетин кайра карап чыгып, ишинин сапатын жакшыртуу керек.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле ички иштер органдарын диний экстремизмге жана терроризмге каршы күрөштө четте калбай, башка тиешелүү мамлекеттик органдарга жардам берип, жер-жерлерде алдын алуу иштерин жүргүзүү милдетин тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 + = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: