Бул тууралуу кечээ, 5-декабрдагы Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигин эффективдүү башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жана «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигин эффективдүү башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун талкуулоо учурунда айтылды,- деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.
Эл өкүлдөрү мамлекеттин менчигиндеги мекеме-жайларды сатуудан мурун эффективдүү башкаруу жолун колго алуу керектигин белгилешти. Айрыкча, “Мегаком” сыяктуу ири жайларды сатпастан, ишенимдүү башкарууга берүү аркылуу киреше табуу сунушу айтылды. Ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун Төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев “Мегаком” боюнча бардык багыттар каралып жаткандыгын билдирди.
Ошондой эле бүгүнкү комитеттин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э. Байбакпаев, П. Тулендыбаев жана Г.Асылбаевалар тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору да каралып, экинчи окууда колдоо тапты. Аталган мыйзам долбоорунда
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ