Menu

Зилалиев: «Манас» аэропортун сатуу планы жок

Бөлүшүү:

Өкмөттүн “Манас” аэропортун сатуу боюнча эч кандай планы жок. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун директору Дүйшөнбек Зилалиев Жогорку Кеңештин комитетинде билдирди. Анын айтымында, учурда аэропорттун абалын оңдош үчүн ишеним башкаруусуна берүү же чогуу башкаруу боюнча сөз жүрүп жатат.

Буга чейин кыргыз өкмөтү “Манас” жана “Ош” эл аралык аэропортторуна инвестиция тартуу боюнча иштерди баштаган. Премьер-министр Сапар Исаков Түркиянын “TAV Airports Holding” компаниясынын директору Мустафа Сенер менен жолугушкан.

Ушундан улам депутаттар арасында аэропортту сатуу боюнча сөз болуп жатканы жөнүндө суроо пайда болуп, Маммүлк фондунун жетекчисине суроолорун беришти.

Дүйшөнбек Зилалиев аэропорт өлкө коопсуздугу менен байланышкан маселе экенин, аны өнүктүрүш үчүн гана инвестор изделип жатканын айтты.

“Манас” эл аралык аэропорту – өлкөдөгү эң ири аэропорт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: