Menu

VISA түркмөн банктарын тейлөөнү токтотту

Бөлүшүү:

Эл аралык VISA төлөм системасы түркмөн банктарын тейлөөнү токтотту. Буга түркмөн банктарынын VISA компаниясына карыз болушу, түркмөн бийлигинин төлөм караталарга ой-келди чектөөлөрдү киргизүүсү түрткү берди.

VISA төлөм картасы чет өлкөгө чыккан жана балдары башка мамлекеттерде окуган түркмөн жарандарынын арасында кеңири колдонулуп келген.

VISA пластик карталарына чектөөлөр мурун эле киргизилген жана жыл сайын катаалдашып бараткан. Акыркы бир нече аптадан бери айрым түркмөн кардарлары бул система менен такыр эле колдоно албай калышкан. Өткөн айда бийлик бир күндө 50 АКШ долларын гана нак валютага алмаштыруу тартибин киргизген.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы өз булактарына таянып кабарлагандай, эл аралык VISA системасы түркмөн банктары тарабынан берилген карталарды тейлөөдөн баш тарткан.

“Түркмөн банктарынын карызы бир нече айдан бери топтолуп калган. Учурда түркмөн тарап ондогон миллион долларды түзгөн бересени жабууга кудуреттүү эмес. VISA бул рынокту жоготкусу келбейт, бирок түркмөн банктарын тейлөө компания үчүн өтө кымбат турууда. Алар ар кыл эл аралык каржы түзүмдөрү тарабынан түркмөн тарапка таасир кылууга аракет жасоодо, бирок учурдагы оор экономикалык кырдаалда мындан майнап чыкчудай эмес”, -деп белгиледи өз булак.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: