Menu

Жогорку Кеӊеш биринчи вице-премьер-министрликке Шадиевдин тапакерлигин жактырды

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеш Премьер-министр тарабынан биринчи вице-премьер-министр кызмат ордуна көрсөтүлгөн Аскарбек Шадиевдин талапкерлигин жактырды. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы билдирет.

Премьер-министр Сапар Исаков сунушталган талапкер бул кызматка дайындалып калса, отун-энергетикалык комплекси жаатындагы маселелерди тескей турганын, ал бул маселелерди жакшы билерин, тажырыйбалуу кадрлардын бири экенин белгиледи. «Конституцияга киргизилген жаӊы өзгөртүүлөргө ылайык, биринчи вице-премьер-министрликке дайындалып калса, өзүнүн депутаттык мандатын сактап калат. Анын тагылган милдетти аркалап кете аларына кепилдик бере алам. Мында парламент менен өкмөттүн өз ара байланышы да кыйла чыӊдалат», – деди ал.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Аскарбек Шадиевди аткаруу бийлигиндеги жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады. Ал эми Аскарбек Шадиев чоӊ ишеним көрсөткөнү үчүн депутаттарга өз ыраазычылыгын билдирип, мындан ары да кыоргыз парламенти менен биргелешип иш алпарууга убада берди.

Белгилей кетсек, «Бир Бол» саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеӊештин депутаттыгына шайланып келген Аскарбек Шадиев ушу тапта Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы болуп саналат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − 48 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: