Menu

Сооронкулова көп аялдуулукту мыйзамдаштырууну сунуштады

Бөлүшүү:

Конституциялык палатанын мурдагы мүчөсү Клара Сооронкулова көп аял алуу үчүн моралдык зыян катары компенсация төлөө тартибин киргизүүнү сунуштады. Анын пикиринде, нике келишиминде күйөөсү экинчи аял алгандыгы үчүн биринчи аялына төлөп бериши керек болгон моралдык зыяндын суммасы көрсөтүлүшү керек.

Бул тууралуу Сооронкулова өзүнүн Facebook баракчасына жазды. Анын айтымында, мыйзамда тыюу салынганына карабастан кыргыз коомунда көп аял алуу кеңири жайылган. Анын негизги себеби — көп аял алуунун курмандыгы болгондордун укук коргоо органдарына кайрылбагандыгы.

«Көп аялдуулукка тыюу салган берене укуктук натыйжага ээ эмес. Тилекке каршы, көп аялдуулук институту эркектердин гана эмес, экинчи аял болууга даяр аялдардын арасында дагы суроо-талапка ээ. Аялдардын укуктарын коргогон башка укуктук механизмдер иштеши керек. Мисалы, нике келишим институту. Экинчи аял алгысы келгендер моралдык зыян үчүн биринчи аялына компенсация төлөшү керек жана анын көлөмү нике келишиминде көрсөтүлүшү керек», – деп эсептейт Сооронкулова.

Өлкөдө көп аялдуулукту мыйзамдаштыруу тууралуу талаштар мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов экинчи аял алганын жарыялагандан кийин башталган. Өз билдирүүсүндө ал башка эркектерди дагы андан үлгү алууга үндөгөн. Буга бир канча депутат айымдар нааразылыгын билдирип, экс-муфтийдин айткандарына укуктук баа берилишин талап кылышкан. Андан соң Чубак ажы Жалилов эки жолу суракка чакырылган.

Кылмыш кодексинин 153-беренесине ылайык, «эки же көп аял алып, эки же андан көп аял менен бир чарба жүргүзүп жашагандар» эки жылга чейин эркинен ажыратылат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: