Menu

Кыргыз-казак чек арасында кезек толугу менен жоюлду

Бөлүшүү:

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттерде кезекте турган бир дагы унаа жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

Мекемеден кабарлашкандай, 4-декабрдан тарта өткөрмө бекеттерде тыгын болбой калды. Жүк ташуучу, жеңил жана жүргүнчү унаалар адаттагы режим менен өтүүдө.

30-ноябрда кыргыз-казак президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев Минскте өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммитинде жолугуп, чек ара маселесин талкуулашкан. Анда тараптар эки өлкөнүн өкмөттөрү иштеп чыккан “Жол картасына” кол коюлуп, чек ара ачыларын убада кылышкан.

2-декабрда Астана шаарында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы “Жол картасына” кол коюлган. “Жол картасы” эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин комплекстүү чечиш үчүн 50 иш-чарадан турат. Анын ичинде чек ара, транспорт, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл, бажы жана салык тармактарындагы биргелешип иш алып баруу каралган.

Кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл 10-октябрда күчөтүлгөн. Астана буга кыргыз бажысындагы аткезчилик мене түшүндүрсө, кыргыз өкмөтү аны четке каккан. Бирок көзөмөлдү күчөтүүнүн себеби катары экс-президент Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигине айткан сын пикири айтылып келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: