Menu

Назарбаев компанияларды сырттагы акчаларын өлкөгө кайтарууга үндөдү

Бөлүшүү:

6-декабрда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Индустриализация күнүнө арналган телекөпүрө маалында казак компанияларын чет өлкөлөрдөгү каражаттарын «жоготуп албоо үчүн», аларды мамлекетке кайтарууга чакырды.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө «18 казак компаниясы чет өлкөлөрдө 12,5 миллиард доллар акча кармап турушат». «Алар биздин экономикабызга жардам берип, Казакстан үчүн иштейт эле», — деди Назарбаев.

«Бүгүнкүдөй мыйзамдардын баш аламандыгында чет жерде кармаган акчаңарды жоготосуңар. Санкциялар шартында силерге эч ким жардам бербей турганын көрбөй жатасыңарбы? Акчаңарды кайтарып, Казакстанда кармагыла. Силерге кандай кепилдик керек, мыйзам, жарлыктар мененби? Мен жардам берем. Андай кылбасаңар биз кылабыз, анан таарынбагыла», — деди мамлекет башчы.

Назарбаев кеп кайсыл каражаттар тууралуу болуп жатканын тактаган жок. «Эркелегенди токтоткула. Яхталарды сатып алып, чет өлкөлөрдө коттедждер менен үйлөргө ээлик кыласыңар. Биз акча иштеп табышсын деп эч кимди текшере элекпиз. Бирок анын баарын силерге өлкө бергенин эстен чыгарбагыла. Эгер муну менен премьер-министр алектенбесе, мен алектенем», — деди Назарбаев.

Өткөн айда Журналисттик иликтөөлөрдүн эл аралык консорциуму менен Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борбору (OCCRP) офшор компаниялардын катталган 13,4 миллион документин камтыган Paradise Papers («Бейиш досьеси») деген документтер топтомун жарыялаган. Анда офшорго ээлик кылган адамдардын тизмесинде бир нече казакстандык жарандын дагы бар экени белгилүү болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: