Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.
Телефондук сүйлөшүүдө мамлекет башчылары Астана шаарында 2017-жылдын 2-декабрында эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары тарабынан кол коюлган “жол картасы” боюнча сүйлөшүүлөрдүн натыйжаларына канааттангандыгын билдиришти.
Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин абалы жана келечеги боюнча пикир алмашышты.
Телефондук сүйлөшүү кыргыз тараптын демилгеси менен болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ