Жети-Өгүз РИИБне чек ара кызматынан кайрылышкан. Алар 4-декабрда чек ара кызматынын жоокерлери тарабынан Ак-Шыйрак өрөөнүнүн «Кара аска» жергесиндеги асканын түбүнөн капка салынган ТОЗ-8 үлгүсүндөгү сайлуу ак атуучу куралдан 2 данаа, ошондой эле 20 жана 16 калибрдеги сайсыз ок атуучу курал жарактары табылып алынгандыгын билдиришкен. Бул туурасында Ысык-Көл ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.
Аталган факт Жети-Өгүз РИИБде катталып, териштирүү иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ