Menu

Өкмөттө атмосфералык абанын абалын жакшыртуу боюнча чараларды талкуулашты

Бөлүшүү:

ыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси Талант Султанов Бишкек шаарынын атмосфералык абасынын учурдагы абалын талкулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты маалымдайт.

Кеңешмеге өлкөдөгү мамлекеттик органдардын, коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле экология тармагы боюнча экспертер катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө стационардык булактар жана автомобилдик транспорттон булгоочу заттардын бөлүнүп чыгуусунан улам, акыркы учурда өлкөнүн ири шаарларынын булганышы байкалып, шаардыктардын ден соолугуна зыян келтирилип жатканы белгиленди.

Антан тышкары, атмосфералык абанын булганышын көзөмөлдөө боюнча иш алып барган Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар Министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин стационардык постторду модернизациялоо жана санын көбөйтүү боюнча иштерди өткөрүү зарылдыгы белгиленген.

Кеңешменин жыйынтыгы менен Талант Султанов Кыргыз Республикасынын Өкмөт жетекчилигин кароосуна Бишкек жана өлкөнүн башка шаарларындагы атмосфералык абанын абалын жакшыртуу боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү сунушун киргизди.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын 2018-2040 жылдарга туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегия проектин иштеп чыгуу алкагында аталган багытты артыкчыктуу деп белгилөө чечими кабыл алынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: