Акаев, Бакиев доорунан бери жасалма кадрларды чоңойтуу, өң-таанышка салмай, регионалдык кызыкчылыкгарды аткармай сыяктуу «ишпалда оюндар» жүрүп келген. Бүгүн да андай көрүнүштөрдөн куржалак эмеспиз. Билим деңгээли, харизмасы, саясый тажрыйбасы жетишсиз болгонуна карабай, Дастан Жумабековду «көтөнзордукка» салуу менен Жогорку Кеңештин спикерлигине шайлатып койгон. Иралды Өмүрбек Бабановду сындыруу үчүн «таластык кадрларды да жогорку постторго көтөрүп атабыз» деген жымсалдоо саясатына салышып. Тилекке каршы, иш жүзүндө Дастан Артисбекович өзүнө тиешелүү жүктү сүйрөй албай, артка кетенчиктеп, кыйла кыйналып жүргөнүн байкагандар арбын. Азыр эми «Айтибай Тагаев деле спикер болгон, бу деле жарайт да» деген заман эмес эй! Азыр коом күндөн-күнгө жаңылануу жаңа өсүү жолуна багытталган. Чийки, чалакайым кадрлар жогорку даражалуу кызматтарга кайып каскагынан чыгып кетсе да, кайра тез эле шыпырылып түшөрү шексиз. Дал ушул жагын терең анализдеген бийлик эгелери парламенттин төрагальпына жаңы жылдан кийин Иса Өмүркуловду көтөрүү боюнча сүйлөшүп, бир пикирге келишкенин эшиттик. Эмесе, Жумабеков Жогорку Кеңештин төрүнө өтө эле жайылып жатып албай, түйүнчөктөрүн түйүп, босогого жакын туруп турса убара болбойт эле.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ