Menu

Кыргыз авиациялык колледжи авиациялык институт болуп кайра түзүлдү

Бөлүшүү:

И. Абдраимов ат. Кыргыз авиациялык колледжи И. Абдраимов ат. авиациялык институт болуп кайра түзүлдү. Тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койду. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Чечим Республикадагы авиациялык ишканалардын жогорку авиациялык билими бар адистерге муктаждыктарын эске алуу менен кабыл алынган. Буга байланыштуу мурдагы инфрактруктуранын базасында авиация облусу боюнча жогорку жана орто кесиптик адистерди даярдаган заманбап ЖОЖ түзүлөт.

Негизги басым атамекендик ишканалардын билдирмелери боюнча адистерди даярдоого багытталып, кийин жакынкы жана алыскы өлкөлөр үчүн да даярдай баштайт.

Проектин ишке ашышы биринчи кезекте Кыргыз Республикасы үчүн оң таасирин берет, анткени, бүгүнкү күндө заманбап авициялык окуу жайга муктаждыктар бар.

Аны менен катар, ал регионалдык жана эл аралык мүнөзгө ээ, анткени, башка өлкөлөргө билим берүү кызматтарды көрсөтүү үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөр бар.

Аба транспорту өлкө үчүн  стратегиялык мааниге ээ жана өлкөнүн жалгыз авиациялык окуу жайынын келечектеги өнүгүшү, ошондой эле бүтүндөй атамекендик жарандык авиациянын өнүгүшү Кыргыз Республикасынын Өкмөт ишинин приоритеттүү багыттарынын бири.

Аталган чечим ошондой эле өкмөттүн «Жаны доорго – кырк кадам» программасынын алкагында кабыл алынган («Сапаттуу инфраструктура» реформа Програмасы V).

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 + = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: