Буга чейин Асылбек Жээнбеков элчилик кызматтан баш тартып, депутаттык ишмердигин уланта берүү боюнча бекем турганы белгилүү эле. Учурда анын таасири күчөгөнүн кеп кылышууда, ооба, кабылдамасына келген элдин санынан улам байкашып. Бирок, кайсы бир иштерге кийлигишип атканын билбейбиз. Бизге жеткен маалыматтар боюнча алсак, Асылбек мырза жакында партия түптөп (ишенимдуү адамына каттатып), келечектеги парламенттик шайлоого өз алдынча аттанууга белсениптир. Кокус шайлоо келаткан жылы болсо, анда партиясы толук кандуу күчкө кирбей калары ырас. Эгер Жогорку Кеңешке шайлоо 2020-жылы, өз мөөнөтү келгенде жарыяланса, бул убакытка чейин эбегейсиз таасирдүү саясый күчкө айланышы ажеп эмес. Президенттин бир тууган инисине чиновниктер, бизнесмендер, региондордон добуш алчулар катарга тизиле турганын элестетип атасыңарбы? Чечмелөөнүн кажети жок эле түшүнсө болот да, туурабы? Мындай шартта КСДПнын күчү кете турганы белгилүү эмеспи.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ